ГУСЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУ́СЛИ – орустардын кылдуу чертме музыкалык аспабы. Бул аспап жөнүндөгү маалымат VI кылымдагы алгачкы жазма булактарда кездешет. Гуслиге бир нече кыл тагылып, ичи көӊдөй, жалпак көмүркөй сымал болгон. XIV кылымдан чоӊ көлөмдөгү көп кылдуу Гусли тараган, XVII кылымдан столго коюп ойной тургантүрү пайда болгон. XX кылымдан 12 кылдуу ар кандай көлөмдөгү, клавишалуу өркүндөтүлгөн түрү колдонулат. Гусли ырларды, былина, жомокторду коштойт. Жыгач аспаптар менен бирге ансамблдерде ойнолот.

Канат сыяктанган гусли («үндүү»). XVIII кылым.

Ар кайсы элдерде ар түрдүүчө аталат: мисалы, карелдерде – кантеле, эстондордо – каннель, латыштарда – кокле, литвалыктарда – канклес жана башкалар.

Гусли - орус элинин кылдуу аспабы.
Канат сыяктуу «Үндүү» гусли
Орус гуслиси.