ГУТТАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУТТА́ЦИЯ (лат. gutta – тамчы) – өсүмдүк жалбырагынын суу ж-а анда эриген заттарды сыртка тамчы түрүндө бөлүп чыгарышы. Гуттация жалбырак аркылуу бууланган сууга караганда өсүмдүк тамыр аркылуу алган суу көп болгон учурларда байкалат. Бул кубулушту ным жерлерде же эртеӊ м-н көпчүлүк өсүмдүктөрдө, айрыкча чөптөрдө, мисалы, тогуз төбөл, кожогат ж. б. кезиктирсе болот. Гуттациянын негизинде өсүмдүк ашыкча суу ж-а минерал заттардан бошонот. Гуттация өсүмдүктүн суу режимин, минералдык азыктануусун, транспирациясын изилдөөдө мааниси бар.