ГЫДАН ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЫДА́Н ЖАРЫМ АРАЛЫ , Г ы д а – Батыш Сибирь түздүгүнүн түндүгүндө, Таз ж-а Обь колтуктары (батышта) м-н Кара (Карск) деӊизиндеги Енисей булуӊунун (чыгышта) аралыгында. Узундугу 400 кмдей, туурасы 400 км. Жери – дөӊсөөлүү түздүк. Климаты катаал; январдын орточо температурасы –26°С... –30°С, июлдуку 4төн 11°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 200–300 мм. Мамык чөп-эӊилчектүү ж-а бадалдуу тундра, түштүгүнө токойлуу тундра ландшафттары мүнөздүү. Бугу асыралат, аӊчылык, балык уулоо өнүккөн. Табигый газ кени бар.