ГҮЛЧӨ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГҮЛЧӨ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарылык касиети бар жылуу суу булагы. Ош облусундагы Гүлчө кыштагынан 7 км батыш тарапта. Алай кырка тоосунун түндүк-чыгыш капталындагы Жылуу-Суу өрөөнүндө, деӊиз деӊгээлинен 1570 м бийиктикте жайгашкан. Жергиликтүү элге илгертен белгилүү. Суу карбон мезгилинин акиташ жана сланец тоо тек катмарларынан булак түрүндө агып чыгат. Чыгымы 0,5 л/сек. Суусу тунук, түссүз, даамсыз, саал күкүрттүү суутек жыттанат. Аз минералдашкан (1,8 г/л). Курамы гидрокарбонат-сульфат-кальций-магнийлүү. Температурасы 30°С. Суудагы биологиялык активдүү компоненттер: эркин түрүндөгү СО2 (60 мг/л), кремний кислотасы (26,6 мг/л) жана арадон (0,53 эман). Муун, нерв, ашказан, тери жана башка ооруларга шыпаа болот.