ГҮЛЧӨ ӨРӨӨНҮ
ГҮЛЧӨ ӨРӨӨНҮ – Алай кырка тоосунун чыгышындагы бийик тоо өрөөнү. Аянты 2010 км2. Талдык ашуусунан Боз-Карга кыштагына чейин 95 кмге созулат. Туурасы 40 км. Басымдуу бийиктиги 1900–3000 м; эӊ жапыз жери Гүлчө кыштагында 1526 м. Гүлчө өрөөнү тектоникалык кыймылдан пайда болгон. Бийик тоолуу бөлүгү палеозойдун кумдук, акиташ теги, сланец, анын ичинен өрөөндүү жерлери палеоген-неогендин кум, чопо, конгломерат жана башка шиленди тектеринен түзүлгөн. Негизги орографиялык элементтерине Алай кырка тоосунун тармактары (Ак-Башат, Кара-Кокту, Аюу-Тапан, Кыз-Эмчек, Кара-Сараӊ, Сары-Ала-Зоо, Кум-Шоро жана башкалар) кирет. Тереӊ жана кууш капчыгайлар, кокту-колоттор, кургак сайлар көп. Тоолуу бөлүгүндө тик жана урчуктуу чулу (монолит) аскалар, зоокалар, кемерлер, шагылдуу беттер, өрөөндөрдө аллювий чөкмөлөрү басымдуу. Ири үӊкүрлөр арбын; эӊ чоӊунун узундугу 28 м, бийиктиги 8–12 м, кире беришинин туурасы 35 м. Климаты континенттик. Июлдун орточо температурасы 18,6°С, январдыкы –7,6°С. Негизги суусу – Гүлчө; ири куймалары: Терек, Бүлөлү, Жошолу (оӊ), Каракол, Мурдаш жана башкалар. Таттуу-Булак, Жылуу-Суу сыяктуу булактары бар. Күрөӊ топурак мүнөздүү. Өндүрлөрдө талаа өсүмдүктөрү, тоо беттеринде арчалуу токой өсөт. Жогорку бөлүгүн субальп жана альп шалбаа алкактары ээлейт. Өрөөн малга жайлуу. Туристтик жайларды курууга ыӊгайлуу. Өрөөн аркылуу Ош – Хорог автомобиль жолу өтөт.