ГҮЛ БУУРЧАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГҮЛ БУУРЧАК (Dolichos lablab L.) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы бир жылдык чөп. Сабагы оролуп же түз өсөт, бийикт. 150 смдей. Жалбырагы үч тилкелүү. Ак, сары, кызыл, көгүш топ гүлдүү. Мөмөсү – чанак (15 см). Тамыры жыш өсөт; кургакчылыкка чыдамдуу. Текши гүлдөбөгөндүктөн, уругу да текши бышпайт. Гүл буурчак тропик ж-а субтропикте; КМШ өлкөлөрүндө – Кавказ, Крым, Украина, Молдова, Орто Азияда жашылча ж-а тоют катары эгилет. Судан чөбү ж. б. өсүмдүктөр м-н аралаш эгилсе жакшы натыйжа берет. Тоют үчүн текши гүлдөгөндө, уругун алыш үчүн сабагы куураганда жыйналат. Бир га жерден 200–225 ц көк бакал, 70–80 ц чөп, 10–20 ц урук алынат; 100 кг көк бакалында 16 тоют бирдиги, 2,6 кг сиӊимдүү протеин, 360 г кальций, 60 г фосфор, 4 г каротин болот. Мал жакшы жейт.