ДАВЛЕТОВ Сатыбалды

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАВЛЕТОВ Сатыбалды (18. 2. 1938, Сузак району Т. Тайгараев айылы – 27. 12. 2003, ошол эле жер) – педагог, Кыргыз Республикасынын эл мугалими (2003). Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими (1987). Ош педагогикалык институтунун чет тилдер факультетин (1962), Ташкент педагогикалык институтунун чет тилдер факультетин (1965) бүтүргөн.

«Кызыл пах­тачы» орто мектебинде му­галим, «Көк-Арт» орто мек­тебинде окуу бөлүмүнүн башчысы, директор (1982– 1984) болуп иштеген. Өкмөттүк сыйлыктарга татыктуу бол­гон. СССРдин (1989) жана Кыргыз ССРинин (1991) эл агартуусунун отлич­ниги.