ДАЛДАЛЧЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДАЛДАЛЧЫ , ш и р е ӊ к а н а ч ы – соодада сатуучу м-н кардарды макулдаштыра турган адам. Базарда өздөрү табышып, кымбат сурап, арзан берип жаткан эки кишинин ортосуна өзү эле аралашып, экөөнү эпке келиштирип, калыстыкта соодалап жиберет. Базар салтында сатуучу да, алуучу да Далдалчыга аздан акча-тыйын ширеӊкана беришкен. Алар ар күнү эртеден базар тараганга чейин жүргөндүктөн, кесип катары эсептелген. Мурда соодага көӊүл бөлбөгөндүктөн, кыргыз Далдалчылар сейрек кездешкен. Кыргыздардын соодасын өзбек, татар Далдалчылар бүтүрүп беришкен. Учурда рынок экономикасынын шартына жараша Далдалчылар көбөйүп, алардын аткаруучу милдеттери өзгөрүүдө.
И. Молдобаев.