ДАЛЛЕС
Джон Фостер (25.02. 1888, Вашингтон – 24. 05. 1959, ошол эле жер) – АКШнын мамлекеттик катчысы, дипломат, Дуайт Эйзенхауэрдин тушунда иштеген америкалык республикалык партиянын лидерлеринин бири. АКШ президенттери Бенжамин Гаррисондун жана Вудро Вильсондун тушундагы АКШнын мамлекеттик катчысы Джон Фостердин небереси, Роберт Лансингдин иниси. Принстон, Сорбон жана Джордж Вашингтон университеттеринин юридикалык факультетин бүткөн соң, Нью-Йорктогу «Салливэн энд Кромвелл» ири америкалык юридикалык фирмаларында иштеп, эл аралык укук боюнча адистешкен (1927-жылдан фирма башчысы), «International Nickel Company» ТНК эл аралык компаниясынын директору (Канада). New York City Bank башкармалыгынын мүчөсү, Рокфеллер фондунда советтин төрагасы. Биринчи дипломатиялык иштери 1907-жылы 2-Гаага конференциясында АКШ делегациясынын катчылыгынын милдетин аткаруудан башталган. 1919–1920-жылдардагы Париж тынчтык конференциясында америкалык делегациянын кеңешчиси; кийинки жылдары Репарациялык комиссиянын жана Жогорку экономикалык кеңештин АКШдагы өкүлү, 1923–1924-жылдарда Дауэс планын иштеп чыгууда көрүнүктүү роль ойногон. Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында Дж. Трумэн Бириккен Улуттар Уюмунун биринчи Генералдык Ассамблеясына жана 1945-жылдагы Сан-Франциско конференциясына америкалык делегациянын курамына кошкон. Ошондой эле бир катар маанилүү эл аралык конференцияларга катышып, согуштан кийинки тынчтыкты жөнгө салуу маселелерин караган. НАТОну түзүүдө жана Маршалл планын даярдоодо ишке жигердүүлүгүн көрсөткөн. 1953-жылдан Д. Эйзенхауэрдин эки администрациясынын мамлекеттик секретары. Ал СССРге жана социалисттик өлкөлөргө карата өзгөчө катаал позицияны ээлеген, коммунизмди "моралдык жамандык" деп жарыялаган. Ал "күч позициясынан", "согуштун чегиндеги тең салмактуулук" саясаттарын жүргүзгөн; "жапырт өч алуу" доктринасынын автору. Атом куралдарынын топтолушун жана куралдуу карама-каршылыктар болгон учурда аларды колдонууну болжолдойт. 1956-жылы ал Суэц каналынын зонасына англо-француздардын басып киришине катуу каршы чыккан. 1959-жылы апрелде отставкага кеткен.