ДАЛМА́ЦИЯ
ДАЛМАЦИЯ – Хорватия аймагындагы Адриатика деңизинин чыгыш жээгинде жайгашкан тарыхый облус. Далмация жерин байыртадан эле иллирий уруулары – далматтар, либурндар, ошондой эле фракийлер жана кельттер мекендеген. Биздин заманга чейин IV кылымда Дальмация жээгинде грек колониялары негизделген. Биздин заманга чейин 229-жылы римдиктердин чабуулу башталган (биздин заманга чейин 229–228 жана 219-жылдары Иллирий согуштары). Биздин заманга чейин II–I кылымдарда Октавиан заманына чейин жергиликтүү калк римдиктерге каршы бир нече жолу козголоң чыгарышкан. Далмация басып алынып, Иллирик провинциясына кошулган (биздин заманга чейин 34–33). Биздин заманга чейин 6–9-ж. Тиберий Далмациядагы көтөрүлүштү баскан соң, эки иллирий провинциясы (Далмация жана Паннония) түзүлгөн. Диоклетиан Далмациянын түштүк бөлүгүн Преввалитана провинциясы катары Скодра (Албаниядагы азыркы Шкодер) менен бөлүп койгон. Римдиктер Далмацияга ардагерлер үчүн аскердик лагерлерди жана конуштарды уюштурушкан. Провинциянын борбору Салон шаары болгон. VI кылымдан Далмация Византия бийлигине баш ийген. VI–VII кылымдарда аймакты хорваттар жана сербдер ээлеген (түштүктө). IX кылымда Далмация шаарлары Хорватия мамлекетинин курамына кирип, XII кылымдын башында Венгриянын бийлигине өткөн. 1420–1797-жылдары Далмация (Дубровниктен башка) Венециянын бийлиги астында болгондуктан, алар жергиликтүү соодагерлерди кооптуу атаандаш катары көрүп, Далмация шаарларынын тышкы соодасына чектөөлөрдү киргизген жана аларды толук экономикалык жактан көз каранды кылууга аракет жасаган. Шаар жамааттарынын башчыларын дайындап, Адриатикада өздөрүнүн соода монополиясын орнотууга умтулган. Венеция өкмөтү Далмациядан импорттолуучу жана экспорттолуучу товарларды катуу көзөмөлгө алып, бажы төлөмдөрүн орнотуп, бааларды өз кызыкчылыктары үчүн жөнгө салууга аракет кылган. Мындан тышкары Далмация шаарлары Венеция менен касташкан өлкөлөргө соодасын токтотууга милдеттүү болушкан. XVI кылымда Далмациянын ички облустарын Осмон империясы басып алган. Кампо-Формий тынчтык келишимине ылайык (1797) Далмация Австрияга өткөрүлүп берилген жана 1918-жылга чейин анын бийлиги астында болгон (1809–1813-жылдары Далмацияны Наполеон басып алган соң, Франция империясынын Иллирий провинциясынын курамына кирген). 1815-жылдан Далмация Австрия империясынын курамына кошулуп, Далмация королдугу түзүлгөн. 1918-жылы Австрия-Венгрия кулагандан кийин Далмация Сербдер, хорваттар жана словендер королдугунун (1929-жылдан Югославия королдугунун) курамына кирет. 1941–1944-жылдары Далмацияны Италия басып алып, "итальяндаштыруу" саясатын жүргүзгөн. Славян мектептери жабылып, славян тилдериндеги адабияттарга тыюу салынган. Кийинчерээк, бул жаңжалдарга алып келип, италиялыктар Далмациядан жана коңшу аймактардан чыгарылган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Далмация Югославия Социалисттик республикасынын курамына кирип, бир бөлүгү Хорватия республикасына караган. 1991-жылдан Хорватия республикасынын курамында.