ДАОСИЗМ
ДАОСИ́ЗМ – 1) байыркы философиялык, диний окуулардын бири. Ал б. з. ч. 6–5-кылымдарда Байыркы Кытайда пайда болгон. Даосизм окуусунун негиз салуучусу катары Конфуцийдин замандашы Лао-Цзы эсептелет. Даосизм окуусунун негизги түшүнүгү – Дао, ал Даосизм окуусунун философиялык идеясынын өзөгүн түзөт. Бул терминдин сөзмө-сөз мааниси кыргыздын байыркы дүйнө таанымы Теӊирчиликтин – «Жол» нуска наамасынын мазмунуна жакын. Даосизм «дүйнөнүн түпкү себеби», «ааламдын маӊызы», «жаратылыштын негизги мыйзамы» сыяктуу теориялык жоболорду камтыйт. Даосизмди ар тараптан өнүктүргөн Конфуцийдин окуусунда «дао» деп, мыкты башкаруучунун жолун, адилеттүүлүктү өркүндөтүүнүн жолун, ыйман-адеп ченемдеринин жыйындысын түшүнүшкөн. Даонун жолун жолдоо, табигый кубулуштарга ж-а процесстерге кийлигишпөө, табият м-н таттуу мамиледе болуу гана ийгиликке алып келет дешкен. Ал эми «Дао Дэ Цзин» китебинде: бардык заттар өзүнүн «менчик» жолу – д а о аркылуу жаралат ж-а өзгөрөт, дүйнөдө өзгөрүлбөс эч нерсе жок, бардыгы теӊ ошол өзгөрүүлөрдүн жүрүшүндө өзүнүн карама-каршысына айланышат деген философиялык тыянак бар. Б. з-дын 2–3-кылымында Даосизм философиялык ж-а диний багыттарга бөлүнүп кеткен. 2) Кытай диндеринин бири, б. з. 2-кылымында пайда болгон. Даосизмдин негизги канондук жоболору: теологиясы м-н теориясы 5-кылымдын башталышында иштелип чыккан, Тан доорунда (10-кылымга чейин) ал мамлекеттик бийликтин өзгөчө колдоосунда болгон. Даосизм кытайдын расмий дини катары классикалык дао философиясы м-н аралашып, элдик синкреттик (бирикме, бүтүн) окуу катары 20-кылымдын ортосуна чейин сакталып келген. Даосизмди жактоочулардын максаты – дүйнөдө түркүн түрдүү ыкмаларды: атайын мүнөз тамак-аштан тартып, ар кандай дарылоочу дене тарбия көнүгүүлөрүнө чейинки ыкмаларды пайдалануу м-н адам өмүрүн узартууга жетишүү болгон.
Ад.: Ян Хин-шун. Древне-китайский философ Лаоцзы и его учение. М., 1950; Торчинов Е. А. Даосизм. СПб., 1998; Вэнь Цзянь, Горобец Л. А. Даосизм в современном Китае, СПб., 2005..