ДАРД ТИЛДЕРИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДАРД ТИЛДЕРИ – Афганстандын түндүк-чыгышында, Пакистан м-н Индиянын чектеш аймактарына тараган тилдердин тобу. Дард тилдери индииран тил тобуна кирет. Ал үч топчого бөлүнөт: кашмир, шина, кохистан тил тобу (чыгыш топчо); кховар, калаша, пашаи ж. б. (борбордук топчо); ашкур, прасун, вайгали, кати, дамели (батыш топчо, көбүнчө кафир тобу деп аталат). Булардын ичинен жазуусу бары – кашмир тили.
Ад.: Эдельман Д. И. Дардские языки. М., 1965.