ДАРООТ-КОРГОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДАРООТ-КОРГОН – Кокон хандыгынын дооруна таандык чеп. 1821-жылы Чоӊ-Aлай өрөөнүндө Дароот-Коргон кыштагынын жанында курулган. Ал

тоолуу Алай аймагында хандык бийликтин аскердик-акимдик таяныч түйүнү болгон. Чарчы формада. Дубалынын бийиктиги 4 м. Түндүк тарабында гана жалгыз дарбазасы болгон. Чеп 1984-жылы тарыхчы Б. А. Дүйшеев тарабынан изилденген.