ДАТКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАТКА (фарсча дадхох – адилетти сүйүүчү, ади­леттүүлүктү талап кылуучу) – мансап даража­сы Бухара хандыгына чейин эле алгач фарс тилдүү мамлекеттерде кабыл алынган. Датка хан сарайында кызмат кылып, хандын кабыл алуу бөлмөсүндө иштеген жана ордого түшкөн арыз­дарды ханга жеткирип, арыз ээлерине кайра хан­дын жообун, чечимин билдирип турган. Кокон хандыгынын бийлик шатысында Датка мамлекеттик баш­каруудагы кызмат орду боюнча тогузунчу орунда турган (парваначыдан кийин, бийден мурун). Хандын атайын чечими боюнча шариятты жакшы билген, жогорку медресени аяктаган адамдар Даткалыкка дайындалган. Даткалык адегенде «чин» же кызмат орду эмес, даража катары каралса, ки­йинчерээк Кокон хандыгынын мамлекет башкаруу аппаратында Датка даражасын алган адамдар жүз башыдан вилайеттерге чейин башкаруу укугу­на ээ болгон. Согуш убагында ээлеген кызматы боюнча жогорку аскердик чиндерге барабар эле. Ай­рым убакта Даткалар атайы кызматтарда турбаса да, Датка наамын сактап калган, бирок тукумуна мурас калтырууга акысы жок болгон. Кокон хандыгынын бийлигин сактап туруу максатын­да бул даража кыргыздардын беделдүү адамда­рына, мисалы, Алайдан Алымбекке, Таластан Ажы­бекке, Аксыдан Кедейбайга, Жумгалдан Медет­ке, аялдардан Курманжанга жана башка инсандарга бе­рилген. XIX кылымда Датка даражасы Түндүк Кыргызстандын ай­магында жогорку наамдардын бири болуп, хан казынасынан жылына 700 батман аштык жана 1000 дилде алууга акы­луу болгон.

Ад.: Бабабеков Х. Кокон тарыхы. Т., 1996; Налив­кин В. П. Краткая история Кокандского ханства. Ка­зань, 1886.

А. Абасбеков.