ДЕДУКЦИЯ
ДЕДУ́КЦИЯ (латынча deductio – чыгаруу) – ойлонууда логика законунун негизинде алгачкы ойлордон жаӊы ой чыгаруу ыкмасы; жалпы жободон жеке жыйынтыкка алып баруучу ой корутундусунун бир түрү. Дедукция үчүн ой бүтүмүнүн зарыл жана туура болушу мүнөздүү, башкача айтканда эгер негизги ой өбөлгөлөрү чындыкка жана дедукция мыйзамдарына туура келтирилген болсо, анда зарыл түрдө ой бүтүмү да туура болот. Ошондуктан илимдеги теориялар дедукция ыкмасынын натыйжасында жаралат. Ушул сапаты менен дедукция индукциядан, башкача айтканда эреже катары ой бүтүмдөрү жекеден жалпыга карай жүргөн логикалык жолдон айырмаланат. Жалпы принциптерге, жоболорго, аксиомаларга таянган илимдер дедукциялык илимдер деп аталат (математика, теориялык механика, физиканын айрым тармактары жана башкалар). Ал эми тажрыйбалардын айрым маалыматтарын жалпылоо жолу менен өнүккөн индукциялык илимдерге биология, топурак таануу, медицина жана башкалар кирет. Дедукция далилдөөнүн негизги каражаттарынан болуп саналат.