ДЕЗИНФЛЯЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕЗИНФЛЯ́ЦИЯ – 1) инфляциянын өсүү тем­пин төмөндөтүү же аны толук токтотуу; 2) баа­нын өсүшүнүн темпин төмөндөтүү. Өкмөт Дезинфляцияны көбүнчө инфляцияны ж-а төлөм балансынын тартыштыгын жоюу үчүн пайдаланат. Дезинфляциялык саясат төмөнкү киреше түшүрүү иш-чараларын: салыкты көбөйтүү‚ проценттин өлчөмүн чоӊой­туу‚ баага ж-а кирешеге көзөмөлдү өзүнө кам­тыйт.