ДЕЗОКСИРИБОНУКЛЕИН КИСЛОТАСЫ (ДНК)
ДЕЗОКСИРИБОНУКЛЕИН КИСЛОТАСЫ (ДНК)– бардык тирүү организмдердин, көпчүлүк вирустарда тукум куугучтукту сактоочу нуклеин кислоталарынын бири. Дезоксирибонуклеин кислотасы бардык клеткаларда болуп, белоктун биосинтезин иретке салат. ДНК өсүмдүк жана жаныбар клеткаларынын ядросундагы хромосомада чогулган. ДНК молекуласы коваленттик байланыш аркылуу бириккен нуклеотиддерден турат. Нуклеотиддердин курамына: азот негиздери, пурин (аденин же гуанин) менен пиримидин (тимин же цитозин), дезоксирибоза, фосфор кислотасы кирет. Нуклеотиддин ырааттуулугу ДНКнын биринчилик түзүлүшү деп аталат. Ар бири табигый ДНКнын биринчилик түзүлүшү, анын касиеттерин мүнөздөйт. 1953-жылы америкалык окумуштуулар Ж. Уотсон жана Ф. Крик ДНК моделин аныкташкан.
Бул модель боюнча ДНК оӊ оролгон, бири бирине карама-каршы багытталган эки полинуклеотид тизмектен турган спираль. Ал – ДНКнын экинчилик түзүлүшү. Кант менен фосфор кислоталары спиралдын четтеринде, азот негиздери спиралдын ичинде перпендикулярдуу молекула огуна жайгашкан. ДНКдагы эки тизмектеги негиздер суутек байланышы аркылуу биригет. Көпчүлүк организмде ДНК эки тизмектүү түз сызыктуу же шакек формасында болот. ДНК полимераза ферментинин таасири астында пайда болот. ДНКнын биологиялык мааниси чоӊ. Ал тукум куугучтуктун материалдык негизин түзөт; анда организмдин түзүлүшү, өөрчүшү, белгилери жөнүндөгү маалыматтар сакталат жана ал аркылуу укумдан тукумга берилет.