ДЕЛАКРУА
ДЕЛАКРУА Фердинанд Виктор Эжен (26. 4. 1798, Сен-Морис, Парижге жакын – 13. 8. 1863, Париж) – француз живописчиси жана графиги.1816–1822-жылдары П. Н. Герендин өнөрканасында окуп жүрүп, мурдагы чеберлерден (айрыкча П. П. Рубенстен) таалим алган. Делакруа романтизм жолуна түшүп, бара-бара ал мектептин башында туруп, прогрессчил жактарын уланткан. 1822-жылы «Данте менен Вергилий» (Лувр, Париж) аттуу сүрөтүн көргөзмөгө койгон. «Хиостогу бычакташуу» (1823–1824, Лувр) сүрөтүндө гректердин жапа чегишин тереӊ драматизм менен көрсөтсө, «Грекия Миссолунгинин урандысында» (1827) гректердин азаттык үчүн күрөшүн баяндайт. Делакруа 1831-жылы Улуу француз революциясынын темасына 2 сүрөт («Буасси д’Англа Конвентте», «Мирабо жана Дрё-Брезе»), согуш темасына «Пуатьеге жакын жердеги салгылашуу» (1830), «Нансинин жанындагы салгылашуу» (1831–1834) жана башкалар, ошондой эле «Мароккодогу еврейдин үйлөнүү тою» (1839), «Араб комедиячылары» (1848) жана башка чыгармаларды тарткан. Ал монументтүү живопись тармагында да көп эмгек сиӊирген. Делакруанын чыгармачылыгы XIX кылымдагы дүйнөлүк живописте тереӊ из калтырган.
