ДЕЛИБ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕЛИ́Б Клеман Филибер Лео (21. 2. 1836, Сен- Жермен-дю-Валь – 16. 1. 1891, Париж) – фран­цуз композитору, Париж консерваториясынын профессору (1881). Франция институтунун мүчөсү (1884).

«Лакме» операсынан. Марин театры.

Париж консерваториясында окуган. 1853–1872-жылдары опера театрында аккомпа­ниатор, чиркөөдө органист, 1865–1872-жылдары «Гранд-Опера» театрында экинчи хормей­стер. «Булак» (Л. Минкус менен бирдикте, 1866) жана Адан­дын «Корсар» балетиндеги (1867) дивертисменттин му­зыкасы менен белгилүү болгон. Делибдин «Коппелия» (1870), «Сильвия» (1876) жана башка балеттери коомчулукка кеӊири таанымал. Композитордун опералык чы­гармаларынын эӊ көрүнүктүүсү – «Лакме» (1883). Делибдин Кыргыз улуттук опера жана балет театрын­да «Корсар», «Коппелия» балеттери, «Лакме» опе­расы коюлган.