ДЕЛЬТАПЛАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕЛЬТАПЛА́Н (dtlta – грек алфавитинин 4-там­гасы ж-а planum – жалпактык) – моторсуз учуу­чу аппарат. Анын көрүнүшү гректин ∆ (дельта) тамгасына түспөлдөш болот. Адегенде дөӊсөө жерден гана учат. Тыгыз кездеме (мисалы, лавсан, дакрон) м-н капталган ичке (30–40 мм) металл түтүкчөлөрдөн түзүлүп, парустун шамал м-н кез­дешүүсүнөн пайда болгон көтөрүү күчүнүн эсеби­нен абада кармалып турат. Салмагы 16–20 кг. Ка­наттын астына рулдук башкаруучу трапеция (башкаруу туткасы) м-н асма система (учкуч­тун орду) орнотулат. Учуу учурунда учкуч – тра­пеция боюнча солго, оӊго, алдыга же артка орду­нан жылып, Дельтапланды теӊ салмактуулуктан чыга­рат. Ошонун натыйжасында анын учуу багы­ты өзгөрөт. Мотору чакан (10–15 кВт) болгон Дельтапланды мотодельтаплан деп аташат. Теӊ салмак­туулук идеясы немис инженери О. Лилиенталга таан­дык (1981). Алгачкы Дельтапланды 1951-жылы америкалык Ф. Ре­гало жасаган. Анын конструкциясы боюнча бир нече Дельтаплан жасалып, абага көтөрүлгөн.