ДЕМАРКАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕМАРКА́ЦИЯ (фр. dtmarcation – чек коюу, ажыратуу) – чектеш мамлекеттердин ортосун­дагы келишимдин негизинде мамлекеттик чек аралар­ды аныктоо ж-а өзгөчө чек ара белгилери м-н белгилөө. Демаркация иштерин жүргүзүүдө 1:50 000 же ири масштабдагы, калк сейрек жайгашкан бө­лүктөрүндө орто масштабдагы карталар колдо­нулат. Демаркациялык карталарда чек ара сызыгынын орду тагыраак берилип, чек ара чекити м-н бирге чек ара белгилери, мамылардын орду, ошондой эле алардын геодезиялык ыкмалар аркылуу байланышты­рылып койгон жер бетиндеги туруктуу объекти­леринин орду да көрсөтүлөт. Туруктуу объекти­лер катары тоо чокулары, геодезиялык белгилер, коор­динаталары так аныкталган жерлер кабыл алы­нат. Кийинки мезгилдерде Демаркациялык документтерге карталар м-н бирге чек ара тилкесинин аэрокос­мостук сүрөтү да тиркелүүдө.

Э. Кадыров.