ДЕМОГРАФИЯЛЫК САЯСАТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЕМОГРАФИЯЛЫК САЯСАТ – коомду социалдык, экономикалык жактан өнүктүрүү саясатынын бир бөлүгү; муундардын табигый толукталып турушун ж-а калктын жер которуу кыймылына таасир этүүгө багытталган социалдык, экономикалык, укуктук ж. б. жаатындагы чаралар тобу. Демографиялык саясат мамлекеттик же аймактык болушу мүмкүн. Булар атайын мыйзамдарды чыгаруу ж-а тийиштүү шарттарды түзүү аркылуу ишке ашырылат. Демографиялык саясаттын натыйжасы мамлекеттик статистикада катталат. Демографиялык саясаттын негизги багыттары – калктын көбөйүшү, элдин жер которуусу ж-а таралышы, жайгаштыруу багыттары, эмгек ресурстарынын турпаты ж-а куруму, эмгекке орноштуруу, калктын иш м-н камсыз болушу ж. б.