ДЕМОКРИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЕМОКРИ́Т (б. з. ч. 460–370) – байыркы грек философу, антикалык атомизм теориясын негиздөөчү. Демокрит курчап тургандын баарын атом м-н боштук гана түзөт деп эсептеп, дүйнөнүн кубулуштарын ушулар аркылуу

түшүндүргөн. Атом эч нерседен жаралбаган, жоголбогон, сырткы таасирге баш ийбеген, боштукка карама-каршы, бөлүнбөс түбөлүктү нерсе. Физика, астрономия, этика, медицина, география, математика ж. б. илим тармактары боюнча 70тен ашуун эмгек жараткан. Анын эмгектеринен айрым үзүндүлөр гана башка антикалык ойчулдардын айтып калтырганы боюнча бизге чейин келип жеткен.
Ад.: Асмус В. Ф. Демокрит. М., 1960.