ДЕМОНСТРАЦИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЕМОНСТРАЦИЯ (латынча demonstratio – көрсөтмө) – и л и м и й мааниде – далилдөө; XVIII кылымда Вольф жана Кант бул терминди кандайдыр бир тезисти илимий так түшүнүктөрдүн жардамы аркасында далилдөө дегенди белгилөө үчүн пайдаланышкан; учурда Демонстрация процессти, предметти түшүнүктүү кылып (мисалы, эксперименттин жардамы аркасында) көрсөтүп же сүрөттөп берүү менен түшүндүрүлөт; с а я с и й мааниде – коомдук кыймылдар, массалык чыгуулар; а с к е р и ш и н д е – кыр көрсөтүү, күч көрсөтүү.