ДЕМ АЛДЫРУУЧУ АППАРАТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЕМ АЛДЫРУУЧУ АППАРА́Т – өпкөгө газдын (аба, кычкылтек, азот ж. б.) берилишин камсыз кылуучу түзүлүш. Ал өпкөнүн канын кычкылтекке каныктырып, андан көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. Дем aлдыруучу аппарат оорунун бетине жабылган беткеп же дем алуу жолуна киргизилген түтүк аркылуу дем алуу органына бириктирилет. Аларга АМБУ ж-а РО-5 аппараттары кирет. АМБУ аппараты эки жагы клапандуу резина же пластмассадан жасалган баштыкча түрүндө болот. Бир клапаны сырттагы абаны (кычкылтекти) баштыкчанын ичине өткөрүп, ал оорулуунун дем алуу жолун карай газды кысат, экинчи клапан ачылып, жай дем чыгаруу пайда болот.