ДЕНДРОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕНДРОЛО́ГИЯ (дендро... ж-а ...логия) – ботани­канын дарак, бадал изилдөөчү бөлүгү. Дарак өсүмдүктөрүнүн системасын, морфологиясын, биологиялык касиеттерин, таралышын ж-а эл чарба­сында пайдаланышын талдайт. Дендрологиянын дарак породаларынын касиети жөнүндөгү маалыматтары токой таануу, токой өстүрүүнүн теориясы м-н практикасында, айыл чарбасында, айрыкча талаа коргогуч токой тилкелерин түзүүдө кеңири колдонулат. Ошонддой эле тал, терек, эмен, жаңгак, кызыл карагай ж.б. жаңы түрлөрү чыгарылып, алар мурда өспөгөн жаңы жерлерге өстүрүлөт.