ДЕНЕ ТАРБИЯ СИСТЕМАСЫ
ДЕНЕ ТАРБИЯ СИСТЕМАСЫ – тарбиялоонун жалпы системасынын адамдын ден соолугун чыӊдоого ж-а дененин өсүшүнө арналган бөлүгү. Ал дене тарбиянын идеологиялык, илимиий-методикалык негиздерин, ошондой эле дене тарбия иштерин жүргүзүүчү ж-а көзөмөлдөөчү уюмдардын, ишканалардын негизин түзөт. Ар бир экономикалык формацияда экономикалык түзүлүшкө ж-а коомдогу башкаруучу таптын идеологиясын чагылдырган дене тарбия системалары түзүлгөн. Спарта дене тарбия системасы б. з. ч. 8 – 9 кылымдарда Спартада (Байыркы Грекия) тарбиялоонун ж-а окутуунун мамлекеттик системасы болуп эсептелет. Анын максаты кул ээлөөчүлүк түзүлүшкө берилген күчтүү, туруктуу, эр жүрөк, кайраттуу, аскерди даярдоо болгон. Совет өкмөтүнүн алгачкы жылдарында «Спартак» дене тарбия системасы пайда болгон. Бул системанын авторлору Д. А. Крадман, В. Н. Песков ж-а М. Г. Собецкий чет өлкө системасын колдонуу керек, башкача айтканда спорттун бир түрү м-н көп машыгууга болбойт деп үгүттөшкөн. Советтик дене тарбия системасы СССРде Октябрь революциясынан кийин түзүлүп, эмгекчилерди физикалык жактан өсүп-өнүктүрүүгө, дени сак жаш муундарды тарбиялоого чоӊ көӊүл бурган. Окумуштуу А. А. Зикмунддун жетекчилиги астында «Советтик дене тарбия системасы» деген дене тарбия боюнча илимий адистерден турган топ түзүлүп, турмуш ж-а эмгек гигиенасы, табият күчтөрүн колдонуу, эмгек кыймылдары, дене тарбиялык көнүгүүлөр боюнча иш жүргүзүлгөн. Советтик педагог П. Ф. Лесгафттын дене тарбия системасы көрүнүктүү орунду ээлейт. Ал «Мектеп жашындагы балдар үчүн дене тарбия боюнча жетектөө» деген китебиндеги оюндарды баланы турмушка даярдай турган көнүгүүлөр м-н түшүндүргөн. Оюндар балдардын күчүнө ылайыктуу, туура, акырындык м-н өз учурунда татаалданып, эрежеси бузулбастан туура аткарылышы зарыл ж-а оюнду балдар өздөрү уюштуруп, башкарганда гана натыйжалуу болорун белгилеген. Кыргызстанда советтик дене тарбия системасынын негиздери сакталып ж-а өнүгүп келет, к. Дене тарбия, Спорт.