ДЕНЕ ТЕМПЕРАТУРАСЫ
ДЕНЕ ТЕМПЕРАТУРАСЫ – организм ж-а айлана-чөйрөнүн жылуулук продукциясы м-н жылуулук алмашуу балансын чагылдыруучу комплекстүү көрсөткүч. Муздак кандуу (пойкилотермдүү) жаныбарлардын дене температурасы чөйрөнүн температурасына жараша өзгөрүп турат. Жылуу кандуу (гомойотермдүү) жаныбарларда жылуулук продукциясы ж-а жылуулук берүү ургаалдуулугун аныктоосу жылуулукту жөнгө салуучу механизми м-н туруктуу (38–40–42°С) кармалып турат. Дене температурасы тиричиликке жараша өзгөрүп (0,5–2°С) турат (тынч абалда же уктаганда дене температурасы төмөндөйт, кара жумушта көтөрүлөт). Дене температурасы организмдин ички чөйрөсүнүн ж-а терисинин температурасы болуп айырмаланат. Ички органдардын температурасы аларда болуучу биохимиялык процесстердин ургаалдуулугуна жараша ар түрдүү болуп, териникинен жогору. Киши терисинин ар кайсы бөлүгүндө да ар кандай. Дене температурасы чөйрө температурасына, нымдуулугуна, кыймылга, кийимге, теринин тазалыгына ж. б. жараша болот. Улгайган ж-а карыган кишилердин дене температурасы орто жаштагыларга салыштырганда бир аз төмөн. Кичине балдардыкы ар кандай абалда өзгөрүп турат. Ал түрдүү ооруларда ж-а жылуулукту жөнгө салуу бузулганда өзгөрүлөт. Көпчүлүк сезгенүү ж-а жугуштуу ооруларда жогорулайт. Дене температурасынын төмөндөшү уулануу, кома ж. б-да байкалат.