ДЕПАРТАМЕНТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕПАРТА́МЕНТ – 1) Франция, Кот-д’Ивуар, Боливия, Гаити, Гватемала, Гондурас, Колум­бия, Никарагуа, Парагвай, Перу, Сальвадор, Уругвай мамлекеттериндеги негизги административдик-аймактык бирдик. Департаменттин жергиликтүү башкаруу органы генерал­дык кеӊеш ж-а ал аркылуу шайланган комис­сия болот. Департаменттеги жогорку бийликтин өкүлү пре­фект болот; 2) АКШ, Швейцария ж. б. өлкө­лөрдө министрликтердин аталышы.