ДЕПКИР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕПКИР , ч ө ө л ү – ашкана буюму. Боорсок бышырууда, сорпонун чий көбүгүн алууда, чөбөгө сызгырууда, шак, курут, шакар кайнатууда, аларды аралаштырууда жана сүзүүдө пайдаланы­лат. Ал темирден жасалып, башы тегерек (диа­метри 15–20 см) келип, бети калбырланат да, узундугу 40–45 см жумуру же жалпак темир сабы болот. Сабынын кармалчу учуна жыгач же мүйүз бекитилип, илип коюш үчүн чагаракталат. Депкир айрым жерде кепкир деп да аталат.