ДЕПОЗИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЕПОЗИ́Т (лат. depositum – сактоого берилген буюм) – 1) банк кардарларынын белгилүү бир талаптарын ырастоочу банк китебиндеги жазуу; 2) банкка жеке адамдын же юридикалык жактын атынан сактоого жайгаштырылып‚ ээси тарабынан эсеп үчүн пайдаланылышы‚ ошондой эле накталай алып коюлушу мүмкүн болгон акча каражаттары же баалуу кагаздар; 3) бажы жыйымдарын ж-а салыктарын төлөө үчүн бажы мекемелерине төгүм; 4) доону‚ сотко келүүнү ж. б. камсыз кылуучу соттук ж-а административдик мекемелерге төгүлгөн акча каражаттары.