ДЕПОЗИТ БАНКЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЕПОЗИ́Т БАНКЫ (англ. deposit bank‚ bank of deposit) – калктан салымдарды кабыл алуучу банк. Депозит банкы негизинен жеке адамдардын‚ ишканалардын‚ мамлекеттик уюмдардын убактылуу бош акча каражаттарын тартууга‚ анын эсебинен узак эмес мөөнөткө (адатта 3–6 айга) ссуда берүүгө адистештирилген‚ ошондой эле эсеп операцияларында кыска мөөнөттүү коммерциялык векселдер м-н ар түрдүү ишеним операцияларын да ишке ашыра алат.