ДЕПОРТАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕПОРТА́ЦИЯ (лат. deportatio – кубалоо) – куу­гунтуктоо, сүргүн. Адамды мажбурлап мамле­кеттин чегинен чыгаруу. Депортация көп учурда тигил же бул мамлекетке мыйзамсыз кирип алган чет өлкөлүк жарандарга же өлкөнүн жараны эмес адамдарга карата колдонулат.