ДЕПРЕССИЯ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕПРЕ́ССИЯ 1 , 1) г е о м о р ф о л о г и я д а – жер бетиндеги пас жерлер, башкача айтканда деӊиз деӊгээлинен төмөн жаткан ойдуӊдар ж-а чуӊкурлар. Мисалы, кургак­тагы Турпан ойдуӊу, сууга толгону – Каспий деӊизинин чанагы; 2) т е к т о н и к а д а – жер кыртышынын чөкмө тектер м-н толук же жарым – жартылай толгон, төмөн ийилген бөлүгү (мисалы, Алай ж-а Нарын өрөөндөрү), к. Чуӊкурдук; 3) м е т е о р о л о г и я д а – атмосферанын төмөнкү басымдуу облусу – цик­лон, бар Депрессиясы; 4) г л я ц и о л о г и я д а – тоолордо климаттын суук болуп турган маалын­дагы (жайкы же жылдык орточо температуранын төмөндөшүнөн ошондой эле кардын өлчөмүнүн көбөйү­шүнөн) кар чегинин ылдыйлашы.