ДЕРБИШЕВА
ДЕРБИШЕВА Замира Касымбековна (8. 4. 1952-жылы туулган, Фрунзе) – тилчи, филология илимдеринин доктору (2001), КРдин билим берүүсүнүн отличниги (1999). Орус тили ж-а адабият мугалимдеринин дүйнөлүк ассоциациясынын Кыргызстандагы мүчөсү (2005). Контрастивдик лингвистика, лингвистикалык маданият, лингвистикалык типология боюнча адис. Воронеж мамлекеттик университетин (1974), Москвадагы В. М. Ломоносов атындагы университеттин аспирантурасын (1978), КМУнун докторантурасын бүткөн (2001). КМУда доцент, кафедра башчысы, декан (1978–2001). 1999-жылдан КМУнун алдындагы коммуникациялык лингвистикалык борбордун директору, 2001-жылдан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин азыркы тилдер жогорку мектебинин директору. Ал 100дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде монографиялардын ж-а окуу китептеринин автору.
Эмг.: Теоретические основы контрастивной морфологии русского и кыргызского языков. Б., 2000; Функциональная грамматика русского и кыргызского языков. 2004; «Тил көпүрө» окуу комплекси. Б., 2005; «Кыргыз тилин окутуу китеби». Б., 2007.