ДЕРМАТИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕРМАТИ́Т (гр. dtrma – тери) – теринин сезге­ниши. Оору физикалык (рентген, күн нуру), химиялык (ще­лочь, кислота) ж-а механикалык таасирден пайда болот. Анын жөнөкөй ж-а өнөкөт түрү бар. Жөнөкөй түрүндө тери кызарып, ыйлаактайт, ал теринин ачык жеринде көрүнөт. Химиялык заттар м-н иштегендерде көп жолугат. Өнөкөт дерматит дүүлүктүргүчтүн көпкө чейин таасир этишинен болуп, тери калыӊда­нып, көгөрөт. Дүүлүктүргүчтүн таасири жоготулса, ал тез сакайып кетет. Белгилери ар түрдүү бо­лушу мүмкүн: дене ысыйт, дүүлүгөт, уйку ка­чат, нерв системасынын иши начарлайт ж. б. Алды м-н аны пайда кылган себептерди четтетүү зарыл. Алдын алуу үчүн санитардык-гигиеналык чара­лар ж-а жумуш орундарын таза кармоо, желдетүү, атайын кийимдер, көз айнек, тосмолор ж. б. колдонуу керек.