ДЕРМАТОМИКОЗДОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕРМАТОМИКОЗДОР (дермато... ж-а гр. mekēs – гриб), д е р м а т о ф и т о з д о р – мите козу карындар же дерматомицеттер пайда кы­луучу тери оорусу. Кишиге оору адам, мал, гри­бок м-н булганган жашылча, жемиш, буюм ж. б. аркылуу жугат. Балдар көп ооруйт. Чөйрөнүн шартына, ылаӊдаткычтын өзгөчөлүгүнө жараша дерматомикоздор 4 топко бөлүнөт. К е р а т о м и к о з д о р (чакалай) – теринин үстүӊкү катмарынын жу­гуштуу оорусу. Э п и д е р м о м и к о з д о р – дененин бардык жеринде таралган жугуштуу оору. Мында ылаӊдаткыч теринин ж-а былжыр челдин бүткүл катуу катмарында мителеп, кээ­де тырмакты бузат. Т р и х о м и к о з д о р – дерматомикоздордун эӊ коркунучтуусу. Мындан тери, чач ж-а тырмак жабыркайт. Тереӊ дерматомикоздор – актиномикоз, бластомикоз, хромомикоз, кокцоидомикоз, гис­топлазма. Микоздорду айрым кебер козу карын­дар пайда кылат. Булардын ылаӊдаткычтары теринин тереӊ катмарын, ички органдарды, бул­чуӊдарды, сөөктү, безди дартка чалдыктырат. Малда дерматомикоздордон м и к р о с п о р и я ж-а т р и х о­ ф и т и я (чакалай) жолугат. Бул ылаӊдар мал чарбасына чоӊ зыян келтирет.