ДЕСАНТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕСА́НТ (фр. descente – түшүрүү) – согуш жүргүзүү үчүн атайын даярдалган ж-а абадан ташталган же деӊизден душман аймагына түшүрүлгөн аскер бөлүгү. Курамы ж-а аткаруу­чу тапшырмалардын мүнөзү боюнча стратегиялык, тактикалык, атайын багыттагы ж-а көргөзмөлүү Десант, ал эми жеткирүү ыкмалары ж-а каражатта­ры боюнча аба, деӊиз (дарыя, көл), танк ж-а кеме Десант болушу мүмкүн. Ал согуш максатына жетүүдө күжүрмөн тапшырмаларды аткарат. Десант аскер­лер душман ээлеген аймакка аба, суу жолдору аркылуу жеткирилет.