ДЕСЯТКОВ Геннадий Александрович
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЕСЯ́ТКОВ Геннадий Александрович (5. 3. 1947-жылы туулган, Ташкент) – физика-математика илимдеринин доктору (1995), профессор (1996). 1972-жылы Москва энергетика институтун бүтүргөн. КР УИАнын физика институтунда илимий кызматкер, 1993-жылдан КРСУда маалымат ж-а эсептөө технологиясы кафедрасынын башчысы болуп иштеген. Физика маселелерин математикалык ж-а компьютердик моделдештирүү жаатында адис. 120дан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 8 монография, 7 ойлоп табуунун ээси.
Эмг.: Электродуговые генераторы термической плазмы (в соавторстве). Новосибирск, 1999; Теория столба электрической дуги (в соавторстве). Новосибирск, 1990.