ДЕТЕКТИВ АДАБИЯТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕТЕКТИ́В АДАБИЯТ (лат. detego – ачуу, илик­төө) – чаташкан ар түрдүү кырдаалдарга, дароо эле чечилбеген түйүндүү сырларга толгон, шум­дуктуу, курч окуялардын ж-а мыкаачылык кылмыштын негизинде жазылган чыгармалар. Детектив адабияттын пайда болуу тарыхы дүйнөлүк карым-­катыш, соода-сатык күчөгөн кезде кылмышкер­лер көбөйүп, адам өлтүрүү, талап-тоноо, бейкү­нөө кордук тартуулар сыяктуу коомчулукту дүр­бөткөн көптөгөн материалдардын басма сөздөрдө кеӊири жарыяланышына байланыштуу. Адабият­тын бул түрүнө америкалык жазуучу Э. По (1809–49) негиз салган. 19-кылымдагы Детектив адабияттын көрүнүктүү өкүлдөрү: Э. Габорио, У. Коллинз (Франция), А. Конан-Дойл ж. б. Кыргыз жазма адабиятынын өнүгүш тарыхында саналуу гана жазуучулар бул жанрга кайрылышкан. Детектив адабияттын айрым үлгү­лөрү (мисалы, М. Жоошбаевдин «Канжар» повес­ти) жарала баштады. Кийинчерээк бул жанрга Э. Өмүракунов («Жыландар ханышасы», 1994), М. Макенбаев («Прес-Хата», 1998), Ч. Абыке уулу («Бриллиант жылан», 1998) кайрылган.

Ж. Медералиева.