ДЕТЕКТИВ ФИЛЬМ
ДЕТЕКТИ́В ФИЛЬМ – чалгынчылар, кылмыштарды тергөө, мамлекеттин чыккынчылары жөнүндөгү кино өнөр чыгармалары. Алгачкы Детектив фильми «Бир кылмыштын тарыхы» (режиссёру Ф. Зекк, 1901) фильми болгон. Анда кылмыш жасоо, кылмышкерди кармоо жана жазалоо сценалары көрсөтүлөт. Көп сериялуу фильм (сериал) ушул сыяктуу сюжеттерди кеӊири пайдаланган. Француз режиссёру В. Жассе 1908–1909-жылдары тарткан тыӊчы Нике Картер жөнүндөгү фильми негиздөөчү катары белгилүү. Андан кийин Л. Фейаддын «Фантомас» (5 сериялуу, 1913–1914), «Жюдекс» жана «Жюдекстин жаӊы тапшырмасы» (1916–1917, ар бири 12 сериядан) фильмдери тартылган. 1940-жылдарда Детектив фильмдер турмушка жакындаштырылып, «полиция документтери» деп аталган Детектив фильмдер чыгарылган. Алар көп учурда чыныгы фактыларга, даректүү жыйынтыктарга негизделген: «Нортсайд 777ге чалгыла» (режиссёру Хатауэя, 1948), «Бумеранг» (режиссёру Ж. Дассен, 1947; экөө теӊ Америка Кошмо Штаттары) жана башка фильмдер. 1960–1970-жылдарда Детектив фильмдердин сюжеттик структурасы саясий кинодо колдонулган: «Граждандын ишин шек саноосуз тергөө» (режиссёру Э. Петри, 1969), «Улуу даражалуу өлүктөр» (режиссёру Ф. Рози, 1976) – экөө теӊ Италия; «Өмүрдөн да артык акы» көп сериялуу телефильми (режиссёру Я. Моргенштерн, А.Кониц, Польша, 1969), «Ар бир километрде» (режиссёру Л. Шарланжиев, Н. Чернев, Болгария, 1969) жана башкалар. Советтик кино искусствосунда Детектив фильмдери кеӊири орун алган. Кино үчүн милиция, чалгындоо органдарынын, душмандын тылында иштеген чалгынчылардын иштери жана башкалар материал болгон. «Жекеме жеке» (режиссёру В. Г. Легошин, 1945), «Чалгынчынын баатырдыгы» (режиссёру Б. В. Барнет, 1947), «Жаздын 17 көз ирмеми» (режиссёру Т. М. Лиознова, 1973, 12 сериялуу), «Транссибирь экспресси» (режиссёру Э. М. Уразбаев, 1978), «Жолугушуучу жерди алмаштырбайт» (режиссёру С. Говорухин, 1979), Кыргызстанда «Бөрү зындан» (режиссёру Б. Шамшиев, 1984) жана башка Детектив фильмдери белгилүү.
Ад.: Колодяжная В. С. Советский приключенческий фильм. М., 1965; Кино: Энциклопедический словарь. М., 1986.
Н. Жылдызова.