ДЕТЕКТОР
ДЕТЕ́КТОР (латынча detector – ачуучу) р а д и о т е х н и к а д а – радио уктургуч, байланыштыргыч, телекөрсөткүч, кабыл алгычтарда, өлчөгүч жана башка приборлордо электр термелүүлөрүн өзгөртүүчү түзүлүш. Детектор амплитудалык, жыштык жана фазалуу болуп бөлүнөт. А м п л и т у д а л ы к Детектордо жогорку жыштыктагы амплитудалуу өзгөрүлмө термелүүнү Детекторлоо үчүн электр өткөрүүчү элемент катары жарым өткөргүчтүү диод колдонулат. Мында термелүүнүн өзгөрүлмөлүү чыӊалуусу конденсатордон, диоддон жана резистордон түзүлгөн электр тизмегине аракет кылат. Диод бир тарапка өткөргөндүктөн, тизмекте жогорку жыштыктуу импульс түрүндөгү электр тогу пайда болот. Ток резистордун учтарында чыӊалууну пайда кылат да, чыӊалуунун амплитудасы өзгөрөт. Ж ы ш т ы к жана ф а з а л у у Детектордо жыштыгы жана фазасы боюнча өзгөрүлмө термелүүлөр адегенде амплитудасы боюнча өзгөрүлмө термелүүгө айландырылат да, андан кийин амплитудалык Детектор менен өзгөртүлөт. Детектордун жылуулук, радиоактивдүү нурланууну табуучу элементардык бөлүкчөлөрдү каттоочу, калп кармоочу жана башка түрлөрү бар.