ДЕТЕКТОРЛОО
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЕТЕКТОРЛОО , д е м о д у л д а ш т ы р у у (лат. detectio – ачуу, табуу) – төмөнкү жыштыктагы сигналды бөлүп алуу үчүн модулдаштырылган термелүүлөрдү кайра өзгөртүү. Детекторлоо – термелүүлөрдү модулдаштырууга тескери процесс. Детекторлоо термелүү жыштыгын кайра өзгөртүүгө байланыштуу болгондуктан, аны жүзөгө ашырууда сызыктуу эмес элементтер – вакуумдук ж-а жарым өткөргүчтүү диод, транзистор, эбегейсиз өткөргүчтүү туннелдик өтүштөр колдонулат. Бул кубулушка негизделген түзүлүштөр детектор деп аталат.