ДЕТЕРГЕНТТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕТЕРГЕНТТЕР – тазалоочу заттардын аралаш­масы. Анын курамындагы кирди жакшы кетир­ген негизги элемент – тензид. Детергенттерге, ошондой эле сууну жумшартып, тензиддин таасирин күчөтүүчү, агартуучу заттар, ферменттер ж. б. кирет. Алар­ды тиричиликте кеӊири (идиш-аяктарды, кез­демелерди, автомобилдерди ж. б. жууганда) кол­донгондуктан, Детергенттер таштанды сууларга кошулат. Айыл чарбада пестициддерди эмульгациялоо үчүн пайдаланылгандыктан, топурак кыртышы­на ж-а жер асты сууларга топтоло баштайт. Ал эми өнөр жайлуу шаарларда Детергенттерди колдонуудан агын­ды куурлар самын көбүгүнө толо баштайт. Ошондой эле Детергенттер жер астындагы сууларга да кошулуп кет­кен учурлар болгон. Детергенттер балыктар, рак сымал­дар ж-а моллюскалар үчүн да коркунуч туудурат. Айрым Детергенттер бузгуч касиеттерге ээ болуп, адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Детергенттер өн­дүрүштө көп чыгарылып, тиричиликте кеӊири пайдаланылат. Тиричиликтеги, айрыкча балдар арасындагы көп кырсыктарга тазалоочу заттар себеп болот. Айрым өлкөлөрдө Детергенттер ж-а тазалоочу заттар жөнүндө атайын мыйзамдар кабыл алынып, экологиялык ж-а тиричиликтеги коопсуздук камсыз кылынат.

Т. Ниязов.