ДЕТЕРМИНИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕТЕРМИНИ́ЗМ (лат. determino – аныктайм) – жаратылыш м-н коомдогу бардык кубулуштар­дын жашап турушу, кыймыл-аракеттери, өз ара байланыштары ж-а себептүүлүк м-н шарттал­гандыгы жөнүндөгү философиялык окуу. Себептүүлүктөрдүн, шарттуулуктардын маани-мазмундарынын көп тараптуулугу Детерминизмдин ар түрдүүлүгүн аныктайт. Дүйнөдөгү болуп жаткан процесстердин, анын ичинде адам жашоосундагы окуялардын себептерин Кудай м-н байланыштырган окуулар же баары алдын ала аныкталып коюлган деген «тагдыр» тууралуу окуулар — теологиялык Детерминизм, жаратылыштагы себептүүлүктөр м-н шартталыштар тууралуу окуулар – космостук Детерминизм, адам эрктериндеги се­бептүүлүктөргө арналган окуулар – антропологиялык Детерминизм ж. б. Детерминизм кайсы бир кырдаалда фатализмге өтүп кетиши ыктымал. Детерминизм термини – себеп­түүлүктүн бүт жалпы мүнөзүн танган индетер­минизмдин карама-каршысы.