ДЕФЛЯЦИЯ (тоо тектеринин үбөлөнүшү)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЕФЛЯ́ЦИЯ – (лат. deflatio – үйлөө, желпүү) – шамалдын таасиринен жердин үстүнкү борпоӊ катмарынын ж-а тоо тектердин жемирилип, үбөлөнүп (кум, чаӊ ж. б.) учушу. Бул кубулуш айрыкча чөлдөрдө байкалат (Кара-Кум чөлүнүн түштүк жагы). Дефляциянын ж-а физикалык процесстердин натыйжасында жондонгон жарчалар, мунара сымал мамычалар пайда болот, к. Топурак эрозиясы.