ДЕФОЛТТУК ОРНОТУУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЕФОЛТТУК ОРНОТУУ (Default setting) – автоматтык түрдө орнотууда программанын сунуш кылынган параметрлерин (маанилерин) кабыл алуу. Программа параметрлерин колдонуучудан сурабай эле орното берет. Текстти электрондук иштетүүдө арип өлчөмү ж-а түрү, электрондук жадыбалдарда мамыча кеӊдиги сыяктуу программа параметрлери алдын ала аныкталган мааниде дефолттук орнотулат.