ДЕФОРМАЦИЯ (бузулуу, өз­гөрүү)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕФОРМА́ЦИЯ (лат. deformatio – бузулуу, өз­гөрүү) – сырткы аракеттин же ички күчтүн натыйжасында нерсенин формасынын ж-а өл­чөмүнүн өзгөрүшү. Бардык катуу, суюк, газ аба­лындагы заттар Деформацияланат. Деформация бөлүкчөлөрдүн өз ара аракеттешүү күчтөрүн өзгөртүп, механикалык чыӊа­лыштын пайда болуусуна алып келет. Деформация механикалык күчтүн, жылуулуктун, магнит же электр тала­аларынын ж. б. аракеттин натыйжасында бо­лот. Катуу нерсеге аракет кылган күч алынып ташталганда толук жоюлган Деформация с е р п и л ­г и ч т ү ү, толук сакталганы п л а с т и к а­л у у, ал эми чала жоюлганы с е р п и л г и ч п л а с т и к а л у у деп аталат. Эгерде турак­туу күчтүн аракети м-н Деформация убакыт боюнча өссө ж-а күч алынып ташталганда, процесс кайрылып нөлгө умтулса, аны и л э э ш к е к т ү ү Деформация дейт. Кристаллдагы Деформация механизмдеринин бири – дислокациянын кыймылы ж-а көбөйүүсү. Деформациянын жөнөкөй түрү – салыштырмалуу узаруу ж-а жы­лышуу. Өзөктүн же чөйрөнүн жипчесинин узун­дугунун өзгөрүүсүнүн баштапкы узундугуна бол­гон катышына барабар чоӊдук салыштырмалуу узаруу деп аталат: ε=(l–l0)/l0=∆l/l0, мында l0– баштапкы узаруу, ал эми (l–l )/l =∆l/l – са­лыштырмалуу узаруу болот. Бир чекиттен чык­кан, өз ара тик бурчтуу эки жөнөкөй жипче­лердин арасындагы бурчтун өзгөрүүсүн жылышуу дейт. Эгерде салыштырмалуу узаруу ж-а жылышуу бирден кичине болсо, Деформация кичине деп аталат. Деформацияны өлчөө (магниттик, электрдик, механикалык ж. б.) нерсенин белгиленген чекиттеринин ор­тосундагы аралыкты ж-а жаралган натыйжа­ны түз же кыйыр өлчөөгө негизделген. Деформациянын эӊ жөнөкөй түрлөрү – созулуу, кысылуу, ийилүү ж-а толгонуу.