ДЕФОРМАЦИЯ (көркөм ыкма)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕФОРМА́ЦИЯ – 1) көркөм сүрөт өнөрүндө – көзгө көрүнгөн образдын табигый турпатынан четтөөсү. Ар кандай түр өзгөртүү, көзгө көрүнгөн турпатты кайра түзүү – ар кандай мезгилдеги элдердин көркөм өнөрүндө кезигет. Алар көз менен көрүп кабылдоо өзгөчөлүктөрүнө, техника менен стилге, ошондой эле канон талаптарына, сүрөтчүнүн жеке көрө билүү туюмуна жана алдына койгон милдеттеринин чечилиш өзгөчөлүгүнө байла­ныштуу болушу мүмкүн. XIX кылымдын аягынан баш­тап Европа көркөм өнөрүндө Деформация социалдык жана кесиптик чөйрөдөгү ой жүгүртүү менен сүрөткер­дин көз карашына шартталган, аӊ-сезимдүү түрдө ырааттуу колдонулган көркөм ыкма бо­луп калды. Фовисттер, кубисттер, экспрессио­нисттер, сюрреалисттер живописиндеги Деформация мына ушундай. Мындан сырткары, Деформация оптикалык жөндөө катары пластикалык көркөм өнөрдө колдонулат. Мында табигый түрдү кадимки көз менен көрүп кабылдоодо жаӊылыш бузулуп-бур­маланган көрүнүштөр «оӊдолот»; 2) табигый кырсык, сырткы жагымсыз шарттардын же зыяндуу, билбестик менен жасалган таасирлердин негизинде көркөм чыгарманын жарым-жарты­лай, толук эмес бузулушу.