ДЕШИФРАТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕШИФРА́ТОР (французча dechiffrer – чечмелөө, че­чүү) – шарттуу белги (код, шифр) менен берилген билдирүүлөрдү чечмелеп, андагы кабарды кабыл алуучу системанын тилине которуп берүүчү элек­трондук түзүлүш. Дешифратор телемеханикада, эсептөө техникасында (коддорду чечмелөөчү, көрсөтүл­гөн чоӊдуктарды өзгөртүүчү түзүлүштөрдө), ра­дио жана өлчөөчү техникаларда (детекторлордо, демодуляторлордо), телефон жана телеграф бай­ланыштарында колдонулат.